ЖРТ-2020

24.06.2020 0 395

Бүгүн 24-июнь күнү Кочкор районунда Жалпы Республикалык тест ѳткѳрүлүп жатат. Тестке  736 бүтүрүүчү катталып, 723 бүтүрүүчү катышып жатат, ал эми 13 бүтүрүүчү ѳз каалоолору менен теске катышуудан баш тартышты.

Тест Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназияда жана К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинде  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 «Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген  «Коронавирус инфекциянын жайылышына жол бербѳѳ боюнча санитардык-эпидемиологиялык  талаптар» убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер боюнча Жобосунун  9  «Жалпы билим берүү мектептеринде талаптарды аткаруунун шарттары»  пункутунда белгиленген талаптарды аткаруу менен ѳткѳрүлүүдѳ.

Эртен, 25-июнь күнү, предметтик тесттер ѳткѳрүлѳт.

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий