Областык олимпиаданын жыйынтыгы

02.03.2020 0 502

Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун 2020-жылдын 22-январь №2 «2019-2020-окуу жылында мектеп окуучуларынын олимпиадасынын облустук этабын ѳткѳрүү жѳнүндѳ» буйругунун негизинде 27-28-февраль күндѳрү Нарын шаарындагы М.Субагожоев атындагы лицейдин базасында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын облустук туру ѳткѳрүлдү.

Олимпиадага Кочкор районунун мектептеринен 26 окуучу катышып, жыйынтыгында Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин окуучусу Жамангулова Адинай англис тилинен, Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу Молдалиева Айжамал орус тилинен биринчи орунга, И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу Раимкулова Баян кыргыз тили боюнча, Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинин окуучусу Талантбек кызы Канышай химия предмети боюнча экинчи орунга ээ болушуп, Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун Ардак Грамоталары менен сыйланышып, март айында ѳтүүчү Республикалык турга катышууга жолдомо  алышты.

Ал эми Ак-Жар орто мектебинин окуучусу Асанбеков Эмир информатика предметинен, Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын  окуучулары  Анарбек кызы Рыскүл биология предметинен, Мирлан уулу Эржан англис тилинен,  А.Бостонов атындагы орто мектебинин окуучусу Жолдошбекова Айжанетта орус тилинен үчүнчү орунга ээ болушту.

Республикалык олимпиадага катышуучу окуучуларга билимдин бийиктигине болгон сыноодо Ийгилик жана Жеңиш каалайбыз!

 

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий