Манас таануу

07.07.2020 0 509

Бүгүн, 7-июль күнү, облустук «Манас таануу» таймашы  онлайн режимде ѳткѳрүлүп, жалпы 18топ  катышып, үчилтик боюнча 6 суроо, сыр куржун бѳлүгүнѳн бир макал, бир кѳѳнѳ сѳз жана ар бир катышуучуга күтүлбѳгѳн суроо берилди.

Бул таймашка Кочкор районунан кыргыз класстар боюнча Сон-Кѳл орто мектебинен «Мурас»,  Т.Усубалиев атындагы орто мектебинен «Айкѳл ,  орус класстар боюнча Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын «Арууке» топтору  катышты.

Таймаштын жыйынтыгында орус класстар боюнча Ат-Башы районундагы Карыпбек уулу Акматалы  атындагы орто мектебинин «Даанышман» тобу 41 упай менен биринчи, Кочкор районунун Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын «Арууке» тобу 33,3 упай менен экинчи орунга ээ болуп  Республикалык таймашка  катышуу укугуна ээ болушту.

Ал эми кыргыз класстар боюнча  биринчи орунду 40,3 упай менен Нарын районунун Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин «Зор баян» тобу, экинчи орунду Ат-Башы районунун Карыбек Карпеков атындагы орто мектебинин «Кыз Сайкал» тобу 36 упай менен,  үчүнчү орунду Жумгал районундагы Калык Акыев атындагы орто мектебинин «Каныкей» тобу 35,6 упай менен камсыз кылышып, ноябрь айында ѳткѳрүлүүчү Республикалык таймашка катышууга жолдомо алышты.

«Манас таануу» телетаймашынын калыстар тобуна жана уюштуруучуларына терен ыраазычылык билдирүү менен, жеӊүүчү топторго Республикалык таймашта Нарын  облусунун намысын коргоп,  алдынкы орундарды багындырышат деп ишенебиз.

 

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий