Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

03.03.2020 0 425

Бүгүн, 3-март күнү райондогу бардык мектептерде Мамлекеттик Туу күнү салтанаттуу белгиленди.

Салтанаттуу линейкаларда  Мамлекеттик Туунун тарыхы,  мааниси, кабыл алынган күнү жана авторлору боюнча кеңири айтылып, патриоттук маанайдагы ырлар кѳркѳм окулду.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Нинакан Жүндүбаеванын калемине таандык  Талаанын жаштыгы аккан сууда, Мекендин жаштыгы кызыл Тууда демекчи, Мамлекеттик Туу  Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.  Авторлору Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы — бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Биринчи жолу 1992-жылы 5-мартта Туунун авторлорунун бири Бек Жайчыбеков алгачкы тууну Жогорку Кеңештин имаратынын чатырына көтөргөн.

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий