Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Өзүбеков Уланбек Насыпбековичтин ѳмүр баяны

03.06.2020 0 417

 

 

Өзүбеков Уланбек Насыпбекович 1974-жылы  Кочкор районунун Эпкин айылында туулган. 1980- 1990-жылдары   Эпкин орто мектебинде орто билимге ээ болгон.  Билими жогорку,   1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик улуттук университеттин Кыргыз филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун  Кочкор районундагы  Ак-Талаа орто мектебинде мугалим  болуудан  баштаган,  2000-жылы  Ара-Көл орто мектебине окуу бөлүмүнүн башчысы болуп которулган. 2004-жылы  А.Мааткеримов атындагы орто мектебине окуу бөлүмүнүн  башчысы, 2008-жылы  К.Акназаров атындагы орто мектебине директор,  2010-жылы А.Мааткеримов атындагы орто мектебинде директор болуп  иштеген.        2017-жылдын 5-апрелинде Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган. Үй бүлѳѳлү, 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Ѳзүбеков Уланбек Насыпбекович  эмгек жолунда кѳптѳгѳн ийгиликтерди жаратып,       билим сапатын жогорулатуу, мектептердин материалдык-техникалык базасын жаңылоо, авариалык абалдагы мектептердин санын азайтуу боюнча жаңы имараттарды куруу, бала бакчаларды ачуу жана алардын окутуу, тарбиялоо иштерине материалдык жана методикалык иштерине кѳп кѳңүл буруп, иш алып барды.

Алсак: Мектеп окуучуларынын облустук, Республикалык олимпиадасына даярдануу, катышуу иштерин жогорку деңгээлде уюштуруп, кѳптѳгѳн окуучулар олимпиадалардын жеңүүчүлѳрү болушту.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети тарабынан  өткөрүлгөн орус тили жана адабияты предметин окутуу боюнча “Здравствуй  Россия” республикалык конкурсуна жыл сайын окуучулар катышып, байгелүү орундарды жеңип,  министрликтин дипломдору жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Жалпы республикалык тест сынагына өткөн окуу жылында   725 бүтүрүүчү катышып, 409 окуучу 110дон жогору баллга ээ болушуп, 200дөн жогору  баллга 3 бүтүрүүчү  ээ болуп, билим сапаты 57% га жогорулады.

Жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлѳрүн шыктандыруу максатында райондогу маданият сарайында “Ак жол,  сага бүтүрүүчү” деп аталган райондук слет ѳткѳрүп, окуудагы жана коомдук иштердеги алдынкы бүтүрүүчүлѳрдү кызыл килем аркылуу бастырып,  Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн биргелешкен “Алкыш” баракчасы жана баалуу белектер менен сыйлап келген.

2019-жылдын сентябрь-ноябрь айларында  Мантыш айылында Т.Курткаев атындагы орто мектеби жаңы курулуп, ишке берилсе, К.Темиров, Т.Сагынбаева, С.Ѳмүрбаев, Абылгазы уулу Ишеналы, К.Мамбеталиев атындагы орто мектептеринин  жаңы имараттары ачылды.

Үстүбүздѳгү окуу жылында “Күндѳлүк” автоматташтырылган системаны ишке киргизүү, билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын түзүү, видео камералар менен камсыз кылуу,  IV чейректи аралыктан окутуу боюнча кѳптѳгѳн иштерди алып барды.

Билим берүү системасына кошкон зор салымы, окутуу, тарбиялоо иштериндеги үзүрлүү эмгеги үчүн 2013-жылы  “Билим берүүнүн мыктысы”,  2017-жылы “Профсоюз уюмунун отличниги”, 2018-жылы “Эл сүйгѳн жетекчи” наамы, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын  “Кыргыз тили”  төш белгилери  менен сыйланган.

Агартуу тармагында эмгектенген кызматкерлердин арасында кадыр-баркка, сый урматка татыктуу инсан катары эсибизде түбѳлүккѳ калат.

 

 Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн жамааты.

 

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий