«Китеп-менин жан дүйнѳм»

13.02.2020 0 651

«2020-жыл Аймактарды ѳнүктүрүү, ѳлкѳнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын»  жана ЮСАИДдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында С.Исмаилов атындагы орто мектеби «Китеп-менин жан дүйнѳм» аттуу райондук семинарды жогорку уюшкандыкта ѳткѳрүштү.

Семинарга «Келгиле, окуйбуз!» долбоору менен иш алып барган мектептердин окуу бѳлүмдѳрүнүн башчылары, башталгыч класстардын мугалимдери катышып, аты аталган мектептин иш тажрыйбасы менен таанышып, сабактарына катышуу менен окуучулардын окуу кѳндүмдѳрүн жакшыртууда  кандай иш алып барып жатышкандыгына күбѳ  болушту. Семинардын ачылышы мектептин китепканасынын ишин тааныштыруу менен башталып, китепканачы  Ж.Жумалиева китеп фонду, окуучуларды китеп окууга болгон кызыгууларын арттыруу жѳнүндѳ айтып берип, китепкананын  иш кагаздарын жүргүзүү боюнча иш тажрыйбасы менен бѳлүштү.

Башталгыч класстардын мугалимдери З.Айтиева, А.Жумалиева, Г.Акматовалар ачык сабактарды ѳтүшүп, долбоор тарабынан сунуш кылынган беш базалык кѳндүмдѳрдү ѳздѳштүрүү жана алардын ѳз ара байланышын чагылдырып беришти.

Окуу бѳлүмүнүн башчысы А.Бостонкулова 2-класстын ата-энелерине 10- «Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу кѳндүмдѳрүн калыптандырууга ата-энелерди жана коомчулукту тартуу» модулу боюнча Григорий Петровдун «Бир ѳлкѳнүн ѳнүгүү тарыхы» китеби боюнча сынак-сабак ѳтүп, ата-энелер 2 командага бѳлүнүп, «Окуганга чейин-Окуу учурунда-Окугандан кийин» ыкмасын колдонуп, чыгарманын картасын түзүп, Венндин диаграммасы  боюнча Кыргызстан менен Финляндия мамлекетинин окшоштук жактарын, айырмачылыгын, ѳзгѳчѳлүгүн аныктап, чыгарманы окугандан кийин үй кожойкеси болсо дагы Кыргыз мамлекетинин ѳнүгүшүнѳ ѳз салымдарын кошуу үчүн балага үйдѳн туура тарбия берүү, окуусуна кѳнүл буруу, китеп окуунун маанилүүлүгү боюнча ойлорун ортого салышты.  Бул сынак сабакка айылдык китепканачы Бакуева Жаңыл жана айылдык фельдшер Акматова Максат байкоочу катары катышты.

Семинардын соңунда ЮСАИД тарабынан берилген классификацияланган  китептери тапшырылып, «Миң китеп» программасынын активдүү катышуучулары  4-класстын окуучусу Сейитбеков Ынтымакка, 3-класстын окуучулары Сатаркулова Айжамалга жана Сабырбекова Фатимага   А.Асаналиеванын китеп белектери тапшырылды.

 

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий