Инклюзивдик билим берүү

04.02.2020 0 475

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын алдында билим берүүнүн түшүнүктүүлүгүн жана сапатын, анын фундаменталдуулугун сактоонун негизинде инсандын, коомдун, мамлекеттин орчундуу жана келечектүү талаптарына ылайык камсыздоочу олуттуу милдеттер турат. Ушуга байланыштуу ɵтɵ орчундуу маселе болуп мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгɵ натыйжалуу кɵмɵк кɵрсɵтүү эсептелет.

Бүткүл ɵлкɵ колдоп кол койгон баланын укугу боюнча Конвенцияда айтылгандай – бардык балдар окуп билим алганга акылуу. Ошондой эле бардык балдар дене-боюна, акыл-эсине, социалдык, эмоционалдык, тилдик же башка ɵзгɵчɵлүгүнɵ, ал-абалына карабастан окуй алышат.

Инклюзивдик окутуу кадимки бала бакчаларда, класстарда, мектептерде мүмкүнчүлүгүнɵ жараша бир курактагы бардык балдардын билим берүү процессине толук кандуу катышуусун билдирет. Балага багытталган мектепке чейинки топтордун жана класстардын педагогдору үчүн ар бир адам кайталангыс дүйнɵ жана коомдун ɵнүгүшүнɵ ар бири ɵзүнүн баа жеткис салымын кошо алат деген терең ишеним жашайт. Чыныгы демократияда бардык жарандар коомдук турмушка бирдей аралашып, ɵз укугун бирдей билдиргенге укуктуу.

Балдар таанып-билүүчүлүк жана социалдык жагдайда ɵз курбулары менен бирге окуганда тез ɵнүгүп-ɵсүшɵт. Балдар бакчасындагы жана башталгыч мектептин класстарындагы инклюзивдик топтордо түрдүү адамдардын потенциалынын диапозону жɵнүндɵ элес пайда болуп, ал балдардын дүйнɵгɵ болгон кабылдоосун жана түшүнүгүн арттырат.

Ушуга ылайык Кочкор районундагы 11 мектепте 32 окуучу инклюзивдик жеңилдетилген программа менен билим алышат.

Мындан тышкары 23  окуучу Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы №477 «Балдарды үйүндɵ жеке окутууну уюштуруу жɵнүндɵ жобону бекитүү тууралуу» Токтомдун негизинде, психологиялык-медико-педагогикалык консультациянын (ПМПК) корутундусунун чечими менен үйдɵн билим алышат.  Бул окуучуларга 37 мугалим окутат. Мугалимдердин айлыгы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн  2019-жылдын 30-сентябры № 511  Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы тѳлѳѳ шарттары жѳнүндѳ Токтомунун негизинде тѳлѳнүп жатат.

 

 

Асыл Буржуева

Окуу-методикалык кабинеттин методисти

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий