“Аталардын эрдиктерин даңктайбыз”

24.06.2020 0 553

Улуу Ата Мекендик согушта Жеңишке салым кошкон аталарыбыздын жана энелерибиздин эрдиктерин даңктоо, ардагерлерге, улуу муунга карата сый-урматты, сыймыкты калыптандыруу, окуучулардын мекенчилдик жана атуулдук сезимин өнүктүрүү, окуучуларды гумандуулукка үйрөтүү, чыгармачылык изденүүлөрүн, ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан  27-апрелден 10-майга чейинки аралыкта  “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” аттуу онлайн-фестивалын уюштурулган.

Бул фестивалдын шарты боюнча  Жеңиш, тынчтык, ынтымак, эрдик жөнүндөгү ырларды көркөм окуу, согуш мезгилиндеги элдин духун көтөргөн обондуу ырларды жандуу музыкалык коштоо же минус фонограммасынын коштоосунда аткаруу, согуштагы жана тылдагы чоң ата, чоң энелерибиздин эрдигин жана эмгегин чагылдырган чыгармалардан монологдорду, диалогдорду аткаруу каралган.

Бул фестивалга Республика боюнча 13 000 ашуун окуучулар катышып, Кочкор районунун Ш.Рысмендеев, Аблес уулу Алайдар, А.Жалпетеков, Калыгул Бай уулу  атындагы орто мектептеринин окуучулары катышып дипломдор менен сыйланышты. Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин окуучусу Болот кызы Наргиза биринчи орунду, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин окуучусу Акылбекова Айдеми жана А.Жалпетеков атындагы орто мектебинин окуучусу Тынчтыкбек кызы Мырзайым  учунчу орунга ээ болушуп, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Баалуу белектерди Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун  директору Мамытов Касымбек Ниязалиевич тапшырып, окуучуларга каалоо-тилектерин билдирди.

 

 Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы

 

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий