АКМО-2020

02.03.2020 0 707

Жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын математика сабагына кызыгуусун арттыруу, жѳндѳмдүү окуучуларга колдоо кѳрсѳтүү менен ѳнүгүүсүнѳ шарт түзүү, окуучуларды ѳз деңгээлдерин баалоого жана терең билим алуу мүмкүнчүлүктѳрүн тандап билүүгѳ үйрѳтүү максатында жыл сайын ѳткѳрүлүүчү 6-класстардын окуучуларынын арасында Республикалык математикалык олимпиаданын райондук туру 29-февраль күнү К.Кыдыралиев атындагы орто мектебинде ѳткѳрүлдү.

Бул олимпиадага ар бир мектептен жетиден окуучу катышып, мектептердин түрүнѳ карабастан базистик окуу план, программалардын негизинде катышуучуларга бирдиктүү тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында А.Мааткеримов атындагы орто мектебинин окуучусу Жеңишбеков Улукбек 20 баллга ээ болуп биринчи орунга ээ болсо, Сагынбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин окуучусу Токтогулова Айдеми 18, Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын окуучулары Адылбеков Алмаз 18, Кутманбек кызы Адинай 18 балл алышып экинчи орун, Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу Акматказиева Альбина 17 балл, Кызыл-Дѳбѳ орто мектебинин окуучусу Абдыгулов Байэл 17 балл  менен үчүнчү орунга, Ак-Жар орто мектебинин окуучусу Молдалиев Темирлан, Кызыл-Дѳбѳ орто мектебинин окуучусу Кубанычбеков Амантур, Ара-Кѳл орто мектебинин окуучусу Дүйшѳнбекова Айгерим, С.Исмаилов атындагы орто мектебинин окуучусу Чолпонкул кызы Аяна, Соң-Кѳл орто мектебинин окуучусу Жыргалбек кызы Акылай, Ү.Бейшеев атындагы орто мектебинин окуучусу Дүйшѳнбиева Аяна, Шамен орто мектебинин окуучусу СейитказиеваАлиза  16 дан балл алышып тѳртүнчү орунга ээ болушуп, Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин Грамотасы менен сыйланышты.

Жогоруда аты аталган окуучулар 28-март күнү Нарын шаарындагы М.Субагожоев атындагы лицейде ѳтүүчү облустук турга катышууга жолдомо алышты.

Жаш математик окуучуларыбызга ийгиликтерди каалайбыз!

 

 

Комментарии

Комментариев не найдено.
Новый комментарий